Бизнес диагностикасы · Smart Capital Partners

Бизнесиңиздин дарамети чоң.
Өсүүгө эмне тоскоол?

Каржыдагы, сатуудагы, командадагы жана иш процесстериндеги көйгөйлөрдүн себептерин аныктайбыз. Ишкерге биринчи эмнени өзгөртүү керектигин түшүнүүгө жардам беребиз.

50 000 сомДиагностиканын баасы

Ар бир долбоорду диагностикадан баштайбыз. Улантуу — Сиздин чечимиңиз.

СЕБЕПТЕРАРТЫКЧЫЛЫКТАРИШ ПЛАНЫ
20+негиздөөчүнүн бизнести
өнүктүрүүдөгү тажрыйбасы, жыл
360°компанияга ар тараптуу көз караш:
сандар, адамдар, процесстер
50 000сом — диагностиканын
баасы
Качан баштоо керек

Аракет көп.
Так түшүнүк жетишпейби?

Жаңы чечимдерге каражат жумшоодон мурда компаниянын абалын түшүнүп алуу үчүн диагностика пайдалуу.

Киреше бар, бирок пайда түшүнүксүз

Компания кайдан пайда таап, кайдан акча жоготуп жатканын так билбейсиз.

Баары жетекчиге көз каранды

Бардык чечимдерди жана көзөмөлдү өзүңүз жүргүзөсүз, команда көрсөтмө күтөт.

Сатуунун өсүшү токтоду

Эмне тоскоол болуп жатканы түшүнүксүз: рынокпу, сунушпу, маркетингби же сатуу бөлүмүнүн ишиби?

Кеңейүүнү же инвестиция тартууну пландап жатасыз

Жаңы этапка чейин бизнестин даярдыгын баалап, алсыз жактарын аныктагыңыз келет.

Диагностиканын натыйжасы

Себептерди түшүнүңүз.
Кийинки кадамды тандаңыз.

Диагностиканын максаты — ишкерге бизнестин абалы жөнүндө негиздүү түшүнүк берип, чечим кабыл алууда артыкчылыктарды аныктоо.

01

Негизги көйгөйлөрдүн картасы

Компаниянын өнүгүшүнө эмне тоскоол болуп жатканын жана көйгөйлөрдүн байланышын көрөсүз.

02

Себептер жана тобокелдиктер

Башкарууда, каржыда жана күнүмдүк иште кайсы маселелерге көңүл буруу керектигин түшүнөсүз.

03

Өзгөртүүлөрдүн артыкчылыктары

Кайсы маселелерди биринчи чечүү керектигин, кайсыларын кийин кароого болорун аныктайсыз.

04

Сунуштар жана кийинки кадамдар

Диагностиканын тыянактарын жана ишкер менен талкуулоо үчүн мындан аркы аракеттердин планын аласыз.

Эмнени изилдейбиз

Бир бизнес.
Системанын төрт тарабы.

Талдоонун тереңдигин Сиздин милдетиңизге жана жеткиликтүү маалыматтарга жараша макулдашабыз.

01

Каржы

Киреше, чыгаша, пайдалуулук, акча агымдары жана башкаруу маалыматтарынын сапаты.

02

Сатуу жана маркетинг

Кардарлар, сунуш, кардар тартуу каналдары жана сатууну уюштуруу.

03

Команда жана башкаруу

Түзүм, кызматтык милдеттер, жоопкерчилик жана чечим кабыл алуу.

04

Процесстер жана көзөмөл

Кайталанма иштер, тоскоолдуктар, көрсөткүчтөр жана автоматташтыруу мүмкүнчүлүктөрү.

Иш кандай жүрөт

Суроодон тыянакка чейинки
түшүнүктүү жол.

Иш башталганга чейин милдетти, диагностиканын көлөмүн, мөөнөттөрүн жана керектүү материалдарды макулдашабыз.

КАДАМ 01

Таанышуу жана милдет

Компаниянын абалын жана күтүлгөн натыйжаны талкуулайбыз. Диагностика Сиздин сурооңузга ылайык келерин аныктайбыз.

КАДАМ 02

Компанияны изилдөө

Макулдашылган маалыматтарды талдап, ишкер жана негизги кызматкерлер менен компаниянын ишин талкуулайбыз.

КАДАМ 03

Тыянактар жана артыкчылыктар

Натыйжаларды, көйгөйлөрдүн себептерин жана кийинки кадамдар боюнча сунуштарды талкуулайбыз.

Ар бир консалтинг долбоору диагностикадан башталат. Анын жыйынтыгы боюнча керектүү иш багытын сунуштайбыз. Кийинки кызматташууну, иштин көлөмүн, мөөнөтүн жана баасын өзүнчө макулдашабыз.

Диагностикадан кийинки кызматтар

Биринчи кадам бир.
Чечим бизнеске жараша.

Ар бир консалтинг долбоорун диагностикадан баштайбыз. Анын жыйынтыгы боюнча компанияга кандай өзгөрүүлөр керектигин аныктап, ылайыктуу кызматты, иштин көлөмүн, мөөнөтүн жана баасын макулдашабыз.

Адегенде диагностика — андан кийин ылайыктуу долбоор.Диагностикадан кийин кызматташууну улантуу же улантпоо — Сиздин чечимиңиз.
01

Өнүгүү стратегиясы

Өсүүнүн так багыты керек болгондо. Компаниянын максаттарын, артыкчылыктарын жана өнүгүү жол картасын аныктайбыз.

02

Бизнес-план

Долбоорду негиздөө керек болгондо. Башкаруу чечимдери жана инвесторлор же банктар менен сүйлөшүүлөр үчүн каржылык модель жана бизнес-план түзөбүз.

03

Маркетинг стратегиясы

Рыноктогу ордун бекемдөө керек болгондо. Максаттуу кардарларды, позициялоону, илгерилетүү каналдарын жана сатуунун артыкчылыктарын аныктайбыз.

04

Экспорт стратегиясы

Жаңы рынокторго чыгуу пландалганда. Компаниянын даярдыгын баалап, багыттарды тандап, чыгуу планын иштеп чыгабыз.

05

Уюштуруучулук өнүгүү

Өсүү үчүн күчтүү команда керек болгондо. Түзүмдү, милдеттерди, жоопкерчиликти жана кызматкерлердин өз ара иштешүүсүн жөнгө салабыз.

06

Операциялык өнүгүү

Күнүмдүк ишти натыйжалуу башкаруу керек болгондо. Процесстерди, көрсөткүчтөрдү көзөмөлдөөнү жана автоматташтырууга талаптарды жакшыртабыз.

НЕГИЗДӨӨЧҮ ЖАНА БАШКАРУУЧУ
Адегенде бизнести жана анын сандарын түшүнөбүз. Андан кийин чечимдерди сунуштайбыз.

Нурмухаммед Абдыкадыров

2006-жылдан бери бизнес-консалтингде.
Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкында көп жылдык тажрыйба.

Диагностиканы ким жүргүзөт

Туура суроолорду берүүгө
жардам берген тажрыйба.

Smart Capital Partners — Ош шаарындагы консалтинг компаниясы. Ишкерлерге бизнестеги көйгөйлөрдү түшүнүүгө жана өнүгүүнүн ырааттуу планын түзүүгө жардам беребиз.

Диагностиканы талкуулоо ↗
Иш башталганга чейин

Суроолоруңузга жооптор.

50 000 сомго эмнелер кирет?

Макулдашылган бизнес диагностикасы, аныкталган көйгөйлөрдү талдоо, тыянактарды жана сунуштарды талкуулоо кирет. Иштин так көлөмүн кызматташуу башталганга чейин бекитебиз.

Диагностика канча убакытка созулат?

Мөөнөт компаниянын көлөмүнө, милдетке жана маалыматтардын даярдыгына жараша болот. Аны иш башталганга чейин макулдашабыз.

Дароо чоң долбоорго буйрутма бериш керекпи?

Жок. Диагностика — өзүнчө кызмат. Андан кийин өзгөртүүлөрдү өз командаңыз менен ишке ашырасызбы же кызматташууну улантасызбы — өзүңүз чечесиз.

Эмнелерди даярдоо керек?

Алгачкы сүйлөшүүдө компанияны жана милдетиңизди кыскача сүрөттөп берүү жетиштүү. Андан кийин керектүү каржылык, коммерциялык жана уюштуруучулук маалыматтардын тизмесин макулдашабыз.

Диагностика пайданын өсүшүнө же инвестиция алууга кепилдик береби?

Жок. Ал көйгөйлөрдү аныктоого жана чечимдерди негиздөөгө жардам берет. Натыйжа бизнестин абалына жана сунуштардын аткарылышына жараша болот; каржылоо чечимин инвесторлор жана банктар кабыл алат.

Биринчи кадам

Бизнесиңиздин өсүшүнө
эмне тоскоол экенин түшүнүңүз.

Компанияңыз жана негизги сурооңуз тууралуу айтып бериңиз. Милдетти талкуулап, диагностиканын шарттарын макулдашабыз.

50 000 сом

Өзүнчө кызмат. Кийинки долбоорду баштоо — Сиздин чечимиңиз.

Жумушчу WhatsApp: +996 777 688 899

Нурмухаммед Абдыкадыров · @nur_adviser
Ош, Кыргызстан

Диагностика үчүн кайрылуу даярдаңыз

WhatsApp аркылуу улантуу ↗

Даяр кайрылуу менен WhatsApp ачылат. Бизге кайрылуу үчүн билдирүүнү чаттан жөнөтүңүз.

50 000 сомДиагностиканы талкуулоо ↗